Апта-маанай (10-17-июнь)

12-июнда Польша – Орусия беттешүүсү алдында эки өлкөнүн футбол ышкыбоздору мушташа кетти.

Вашингтондогу Жоржтаун университетинин профессору Яхя Хенди түштүктө коогалаңды башынан өткөргөндөр менен жолугушту.

Ош шаарынын борбордук базарында иштегендер митингге чыгышты. Алар жолдун боюндагы соода күркөлөрүн алып салуу боюнча мэриянын чыгарган токтомуна макул эместигин айтышты.

Коогада Бишкек – Ош жол боюнда, "Санпа" пахта заводунун жанында набыт болгондорго эстелик кайрадан тургузулду.

Ош шаарында июнь коогасынын эки жылдыгына карата эскерүү иш-чаралары өттү.

Ош шаарында июнь коогасынын эки жылдыгына карата эскерүү иш-чаралары өттү.

Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов 13-июнда өкмөт жыйынынан капилет чыгып кетиши түрдүү түкшүмөлдөрдү жаратты.

Нарындан 10-15 жаштагы балдар Бангладештеги диний окуу жайга кеткени маалым болуп, УКМК мунун чоо-жайын териштире баштады.