Канзаада Найеф бин Абдулазиз бүгүн Швейцарияда дарыланып жаткан ооруканасында каза болгонун Сауд Аравиянын телеканалдары маалымдады. Ал азыркы падыша Абдулла бийликтен кеткенден кийин тактыга отурмак. 79 жаштагы Найеф 1975-жылдан бери Сауд Аравиянын ички иштер министри кызматын аркалап келген. Бул өлкөдө мамлекеттик маанилүү кызматтардын баарын падышанын үй-бүлө мүчөлөрү башкарат. Сауд Аравияда бийликти өзүнүн жакын тууганына мураска калтырган илгерки система дагы деле күчүн жогото элек.