Бишкекте граффити боюнча 4-эл аралык фестивал өтөт

Фестивалга Кыргызстандын, Франциянын, Германиянын жана Казакстандын көчө сүрөтчүлөрү катышат. Бул тууралуу "Азаттыкка" иш-чаранын уюштуруучусу Виктор Цой билдирди:

- Биз жаштардын көңүлүн ар кандай социалдык маанилүү маселелерге буруш үчүн дубалдарда граффити тартып жатабыз. Алар биздин граффитилерди көрүп, көйгөйлөргө кайдыгер болбой, ойлонуп, алга жылсын деген максатта бул бир жылдык долбоор ишке ашырылып атат. Маселен, биринчи долбоор билим берүү тармагындагы коррупцияга каршы күрөшкө арналган. Бул фестивалда ар бир автор өзү каалаган темасын козгойт.

Фестивалдын алкагында анын катышуучулары жалпы санда 100 чарчы метр эки дубалга граффити тартып чыгышат. Кыргызстандан фестивалга 10 сүрөтчү катышат. (ТТо)