Журналист Совет байрагы үчүн кечирим сурады

Польшанын журналисти Петр Краско Евро-2012де Польша менен Орусиянын футбол оюну тууралуу репортажында мурунку Советтер союзунун байрагын көрсөткөнүн ката деп баалады.

Байракта орок менен балта сүрөттөлгөн графика репортажы 13-июнда TVP-1 телеканалынын жаӊылыктарында көрсөтүлгөн. Бир күндөн кийин Орусия менен Польшанын футбол ышкыбоздору Варшавада кагылышты.

Красконун айтымында, Советтер союзунун байрагы менен графика мурунку СССР жана Польша ойногон матч жөнүндөгү баянга даярдалган. (ТТо)