Кытайдын аскер авиациясынын майору Лю Ян эртең өлкө тарыхына космоско учкан биринчи аял катары кирет. Кытай космостук ведомствосунан билдиришкендей, Хебей провинциясынан чыккан 34 жаштагы Лю Ян 16-июнда эки кесиптеши менен 10 күнгө космоско учат. Эгерде бул миссия ийгиликтүү ишке ашса, анда Кытай Орбитага аялды өз алдынча жөнөткөн СССР менен АКШдан кийинки 3-өлкө болуп калат.
1963-жылы дал ушул 16-июнда дүйнөдө биринчи аял Валентина Терешкова космоско учкан.
1963-жылы дал ушул 16-июнда дүйнөдө биринчи аял Валентина Терешкова космоско учкан.