Орусия менен АКШ Сирия боюнча кайым айтышты

АКШнын Мамкатчысы Хиллари Клинтон Орусияны кайрадан Сириянын бийликтерине согуштук тик учма жиберип жатат деп күнөөлөдү:

- Биз Орусиядан Сирия менен аскердик алакасын, бардык курал экспортун токтотууну суранганбыз. Эл аралык коомчулукта бардыгы, анын ичинде Орусия жана Коопсуздук кеңешинин бардык мүчөлөрү бир ооздон Сириянын президенти Асадга «кан төгүүнү токтот, Кофи Аннандын тынчтык планын аткар» деп айтышына мезгил келди.

Орусиянын тышкы иштер министри бул кинени четке кагып, Сирияга сатылып жаткан куралдар мурда жетишилген келишимдерге негизделгенин жана бир гана абадан коргонууга тийешеси бар экенин билдирди.

Көптөгөн маалымат каражаттары тескерисинче Лавров Вашингтонду сириялык козголоңчуларды куралдандырды деген ырастоосун жазышты, бирок Лавров чындыгында АКШ аймакка «атайын жабдыктарды жиберет» деп айткан. Ошого карабастан, Клинтон Вашингтон козголоңчуларды куралдандырып жатпаганын белгиледи.