Тунистин экс-президенти 20 жылга сырттан кесилди

Тунистин аскер трибуналы өлкөнүн мурдагы президенти Зин аль-Абидин бен Алини башаламандыкты козуткан жана демонстранттардын өлүмүнө катыштыгы бар деп айыптап, 20 жылга сырттан соттоду. Бен Али 2011-жылдагы «жасмин революциясынан» кийин Сауд Арабстанга качып кеткен. Акыркы бир жылда Тунистин мурдагы лидерине жемкордук, баңгизат сактаган, мамлекеттин каражатына кол салган деп 16 жылдан 35 жылга чейин соттолгон.

2011-жылдын башында «араб жазы» Тунисте башталган. Элдик толкундоо учурунда жүздөгөн адамдар набыт болуп, президент бен Али өлкөнү таштап качкан.