300дөн ашуун күйүүчү май тарткан унаа токтоп турат

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Жумакадыр Акенеевдин айтымында, Кыргызстанда оор жүк тартуучу унааларга тыюу салуунун кесепетинен күйүүчү май тартыштыгы пайда болду. Буга өкмөттүн оор жүк тартуучу унааларга ички жолдордо жүрүүгө тыюу салган токтому себеп болууда. Учурда өлкө аймагында 300дөн ашуун күйүүчү май тарткан унаа токтоп турат. Акенеевдин айтымында, Кыргызстандын мунай тартуучу ишканаларынын 70 пайыз унааларына жолго чыгууга болбойт.

“МАИ кызматкерлери тизмеге кирген унаалардын баарын токтотууда. Айрым машиналардын салмагы 44 тоннага жетпейт. Жол инспекторлору салмагын карабастан, унаанын маркасын гана карап жатат. Мындай абал улана берсе, жакында күйүүчү май тартыштыгы башталат”, - дейт Акенеев.

Буга чейин май ташыган машинелердин айдоочулары “Азаттыкка” кайрылып, алар 30-32 тонна жүк ташып жатышканын, ошондой эле салмакта жүк ташыган Тажикстандын машинелери кечкисин өтүп жатканын кабарлашкан.

Өкмөттүн 2012-жылдын 10-майындагы токтомуна ылайык, өлкөнүн ички жолдорунда 44 тоннадан ашык салмактагы унааларга жүрүүгө тыюу салынган. (КЕ)