Франциядагы шайлоо: Социалисттер алдыда

Франсуа Олланд

Жумурияттын Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, азыркы президент Франсуа Олланддын Социалисттер партиясы менен алардын өнөктөшү - “Жашылдар” - кечээги шайлоодо жалпысынан 46% жакын добуш топтошту. Ал эми буга чейинки президент Николя Саркозинин оңчул-ортомчул партиясы 34% добушка ээ болду.

Эгерде бул жыйынтык ушул аптанын жекшембисинде өтө турган шайлоонун экинчи айлампасында да тастыкталса, анда Олланд парламентте көпчүлүк орундарга ээ болот да, өзү убада кылган реформаларды жасаганга мүмкүнчүлүк алат. Ал реформалардын катарында азыркы президент байларга салыкты көбөйтүүнү да караштырып жатат.

Жыйынтыкка караганда, парламентке азыр өлкөдө “исламдашууга” каршы күрөшкө жана евродон баш тартууга чакырган кескин оңчул “Улуттук фронт” партиясы да өтө тургандай болуп турат.