Жалал-Абадда да июнь курмандыктары эскерилди

10-июнда Ош-Бишкек жолунун боюндагы июнь курмандыктарына тургузулган эстеликтин жанында эскерүү каадасы өттү. Анда эки жыл мурда этнос аралык жаңжалдын айынан набыт болгон жарандар үн катпай бир мүнөт тик туруу менен эскерилип, алардын арбагына куран окутулду.Эскерүү иш чарасына Жогорку Кеңештин төрагасы Асилбек Жээнбеков баш болгон бир топ депутаттар, жергиликтүү бийликтердин жетекчилери, окуяда курман болгондордун жакындары жана Жалал-Абад,Сузак, Базар-Коргон аймактарынын тургундары менен коомдук уюмдардын өкүлдөрү, күч органдарынын кызматкерлери катышты.

Эскерүү каадасында сөз сүйлөгөн ЖК төрагасы июнь окуясында набыт болгондордун туугандарына көнүл айтты. Анын белгилешинче, окуяда ушул жол боюнда 16 адам, Ош, Жалал-Абад жергесинде жалпысынан 442 адам ажал тапкан. Күнөөлүүлөр жазаларын алууга тийиш экендигин жана улуттар аралык чыр-чатакты сепаратисттер чыгарганын белгилеген спикер коомдук абалды курчуткан ички жана тышкы күчтөр бар экендигин да айтты.

Облустук ички иштер башкармасынын бөлүм башчысы Ибрагим Шатманалиев коомдук абал күч уюмдарынын көзөмөлүндө тургандыгын жана облуста кооптоноор жагдайлар жок, абал тынч экендигин билдирди.(YA)