НАТО Ооганстандын Логар провинциясындагы жайкын тургундардын өлүмү үчүн кечирим сурады. Ооганстандагы америкалык жана НАТО күчтөрүнүн жетекчиси генерал Жон Аллен өткөн шаршембидеги аскердик операция маалында бейкүнөө амдардын набыт болгондугу үчүн кечирим сурады.
Ооганстандагы түнкү аскердик операциялар эл аралык күчтөр менен президент Хамид Карзайдын өкмөтүнүн ортосунда бир топ пикир келишпестиктерди жаратууда.