Кытай мөөнөтү өтүп, сапатын жоготкон күрүчүн Кыргызстанга жиберип жатат. Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында депутат Акылбек Султанов билдирди. Депутаттын айтымында, Кытайдан келген өсүмдүк майынын сапаты да кооптондурууда.
"Себеби кафе-ресторандардын таштандыларынан жасалган суу май Кыргызстанга арзан баада жиберилип жатыптыр деген маалымат бар", - деди Султанов.
Өкмөт бул маалыматты текшерип, парламентке дайынын айтмай болду. (RK)