Чүйдө жол тоскондор тарап кетти

Чүйдүн Панфилов районунда кечээ жол тоскондор тарап кеткен, бүгүн абал тынч. Бул тууралуу "Азаттыкка" Чүй милициясынын башчысы Бактыбек Жусубалиев билдирди.

Анын айтымында, Чалдыбар айылында эки жүздөй жергиликтүү тургун сугат суу тартыш болуп жатканынан нааразылык акциясына чыккан. Облус жетекчилиги, депутаттар менен жолуккандан кийин эл тарап кетти.

Чүй ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, окуя кечээ эртең менен болгон. Бишкек - Чалдыбар унаа жолунун 82-чакырымы буулган. (RK)