АКШ кыргыз милициясына материалдык жардам берет

Бишкекте 6-июнда кыргыз-америка өкмөттөр аралык келишимге кол коюлду. Ага ылайык, АКШ Кыргызстандын тартип коргоо органдарына 4 миллион доллардан ашык каражатка материалдык-техникалык жардам көрсөтөт. Кыргыз өкмөтүнүн билдиришинче, жардам тартип коргоо органдарын реформалоо, соттук экспертизаны жакшыртуу, маңзат жана жемкордук менен күрөшүү, ошондой эле адвокаттардын билимин өркүндөтүү максатында берилүүдө.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлендин маалымдашынча, 2004-жылдан бери маңзатка каршы эл аралык күрөштүн алкагында кыргыз милициясы баасы 20 миллион доллардан ашык материалдык-техникалык жабдуу алган. (EBM)