Бишкекте Ала-Арча дарыясы таштандыдан тазаланууда

Бишкекте шаардын четинен агып өткөн Ала-Арча дарыясынын ичин таштандыдан жана топтолуп калган ылайдан тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Ала-Тоо боорундагы мөңгүлөрдөн башталган Ала-Арча суусу Орто-Сай айылынан Маевкага чейин Бишкектин чет жакасынан агып өтөт. Акыркы жолу аны алты жыл мурда тазалашкан. Бир секундда 60 куб метр сууну өткөрө алат. Бирок ичиндеги чогулган ыпыр-сыпырдын айынан өткөрүү мүмкүнчүлүгү 30-35 гана куб метр болууда. Суу ташкындаганда жээктен чыгып, үйлөрдү каптап кеткен учурлар катталган болчу. (RK)