Орусиянын президенти Владимир Путин мындан дээрлик бир ай мурда президент болуп шайлангандан кийинки алгачкы Азия сапарында Кытайга барууда. Үч күндүк визитинде Путин Кытай бийликтери менен Сириядагы кырдаалды жана Ирандын ядролук кризисин талкуулашы күтүлөт. Экономикалык маселелерге да олуттуу орун берилип, миллиарддаган доллардык инвестициялык кордун бет ачаары өтөт. Путин мындан тышкары Шанхай кызматташтык уюмунун эртеңки курултайына катышат. Бул жыйынга Кыргызстандан президент Алмазбек Атамбаев да катышат. Путин Кытайга Өзбекстандан келатат. Ташкенде ал президент Ислам Каримовго анын өлкөсү Орусиянын аймактагы башкы приоритетке ээ болгон шериги деп айткан. Кытайдан кийин Путин Казакстанга барат.(JCh)