Кыргызстан кыйноолор боюнча БУУда баяндама жасайт

Кыргызстан эмдиги жылы март айында кыйноолор жана аны азайтуу боюнча жасалган иштер тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунда баяндама жасайт. Бул тууралуу “Эркиндик үнү” коомдук кордун жетекчиси Сардар Багышбеков 4-июнда Бишкекте кыйноолор боюнча жыйында билдирди.

Быйыл үч айдын ичинде кыйноолор боюнча 7 кылмыш иш козголгон. Былтыр 50дөн ашуун факт катталган. БУУнун кыйноолор боюнча атайын чабарманы Хуан Мендес өткөн айда Бишкектеги жыйында Кыргызстанда кыйноолорду тыюу аракеттери жетишсиз болуп жатканын айткан эле. (EBM)