Президенттикке талапкер, култатылган президент Хосни Мубарактын тушунда өкмөт башында турган Ахмед Шафик исламчыл атаандашын «өлкөнү караңгы заманга алып барат» деп айтты. Жекшемби күнкү пресс-конференцияда Шафик «Мусулман агаиндер «секталарга негизделген мамлекет түзүүнү көздөйт» деп айтты. Шафик 16-17-июн күндөрү Мусулман агаиндеринин талапкери Мохаммед Мурси менен экинчи айлампада ат салышат. Анын аралыгында Хосни Мубарак соттолгондо коррупциялык кинелердин алынып салынышына нааразы болгондор Каирдин Тахрир аянтына кайтып келишти.
– Мубарак, Хабиб ал-Адлы жана башкалар күнөөлүү эмес деп табылды, бул чындыкка жатпайт, туура эмес чечим болду, - деди демоснтранттатрдын бири. (JCh)
– Мубарак, Хабиб ал-Адлы жана башкалар күнөөлүү эмес деп табылды, бул чындыкка жатпайт, туура эмес чечим болду, - деди демоснтранттатрдын бири. (JCh)