Ош: Жаштар комитети кароосуз балдарга майрам уюштурат

Ош шаардык жаштар комитетинин демилгеси менен шаардагы кароосуз калган балдарга майрам уюштурулат. Бул иш-чара 1-июн – Балдарды коргоо эл аралык күнүнө карата өткөрүлөт. Комитеттин төрагасы Сонунбек Жунусбаев “Азаттыкка” билдиргендей, жаштардан түзүлгөн демилгечи топ эртең көчөдөгү кароосуз балдарды топтоп, аларга кийим-кече белек кылат. Эс алуу багында ойнотуп, түшкү тамак уюштурушат.

Ош ШИИБнин маалыматы боюнча калаада 45 кароосуз бала бар. (SE/RK)