Казакстанда жер титиреди

Өткөн түнү Казакстандын түштүк-чыгышында күчү 5,7 баллга жеткен жер титирөө болду. Алматы шаарынын бир топ райондорунда зилзаланын күчү сезилгени айтылууда. Жер титирөөнүн очогу шаардан 140 чакырымдай чыгышта катталган. Азырынча андан жабыркагандар тууралуу кабар түшө элек.