Бишкек: Борбордук көчөлөрдө петунья гүлдөй баштады

Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндө кайрадан былтыркыдай атайын кутучаларга салынган петунья гүлү пайда болду. Шаар мэриясынан кабарлашкандай, быйыл 750 миң гүл отургузулду.

"Азаттыкка" "Жашылдандыруу курулушу" ишканасынан кабарлашкандай, гүлдү тиешелүү нымдуулукта сактап турууга ылайыкташтырылган атайын идиштерге салып көчөгө илип жатышат.

Былтыр Бишкектин чоң көчө бойлоруна 800 миңдей сап петунья отургузулган. Шаар мэриясынын бул демилгесин алгач көпчүлүк сынга алган. Бирок кийин гүл көбөйүп өскөндө көчөлөр өзгөчө жаңы көрккө бөлөнгөнү айтылган. (RK)