Египетте президенттикке талапкер Ахмед Шафиктин шайлоо штабын өрттөп кетишти

Президенттикке талапкерлер Мухаммад Морси (солдо) менен Ахмед Шафик

Кечээ нааразы болгондордун тобу Каирде Хосни Мубарактын өкмөтүндөгү акыркы премьер-министр, азыр президенттикке ат салышып жаткан Ахмед Шафиктин шайлоо
штабын өрттөп салышты.

Ал арада сыртта Шафиктин тарапкерлери: “Каныбыз, жаныбыз менен сени баары биз колдойбуз, Шафик!”, - деп кыйкырып турушту.

Бул окуя өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун экинчи айлампасына “Мусулман агайындар” кыймылынын талапкери Мухаммад Морси менен экс-премьер-министр Ахмед Шафик өткөнүн жарыялагандан бир нече сааттан кийин болду. Алар эми 16-17-июнь күндөрү шайлоонун экинчи айлампасында беттешет.

Шафиктин шайлоого катышып жатканына нааразы болгон жүздөгөн адамдар кечээ Каирде жана Александрияда нааразылык митингдерине чыгышты. Алар “непада Шафик бийликке келсе, Мубарактын режими кайра орнойт” деп чочулап жатышат. Хосни Мубарак былтыр февралда “араб жазы” деген атка конгон ыңкылап учурунда бийликтен кулатылган.