Түркия Кыргызстанга 106 миллион доллар берет

Түркия өкмөтү Кыргызстанга 106 миллион доллар каржылык жардам бермей болууда. Бул акча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кетет. Акчаны алуу маселесине арналган жолугушуулар Түркияда вице-премьер-министр Жоомар Оторбаевдин катышуусунда өтүп жатат. Кыргыз өкмөтүнөн кабарлашкандай, 106 миллион доллар ирригация системасын жакшыртууга, жаңы мектептерди салып, эскилерин оңдоого жана унаа жолдорду калыбына келтирүүгө жумшалат. (RK)