USAID Ошто дыйкандарга сугат суу жагынан жардам берет

26-майда АКШ өкмөтү USAID агенттиги аркылуу Кыргызстанга кезектеги жардамын берет. Бул тууралуу бүгүн АКШ элчилигинен кабарлашты. Жергиликтүү өнүгүү программасы аркылуу USAID Ош облусундагы Зулпуев айылдык аймагында кайрадан калыбына келтирилген сугат каналын ачуу аземин өткөрөт. Бул канал жергиликтүү дыйкандарга сугат суусун пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берет. (RK)