Бүгүн мектептерде акыркы коңгуроо кагылат

Бүгүн, 25-майда Кыргызстан мектептериндеги 71 миңден ашуун он биринчи класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн акыркы коңгуроо кагылат. Мындан тышкары бул жылы тогузунчу классты 93 миң 330 окуучу бүтүрөт. Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, бүгүн эртең мененки саат тогузда бардык мектептерде “Акыркы коңгуроо” аземи өтөт. Министрлик адаттагыдай эле бүтүрүү кечелерин кафе, ресторандарда өткөрүүгө тыюу салууда. Буйрук аткарылбаса мектеп жетекчилигине чара көрүлөөрүн эскертүүдө. (KKs)