Улут аралык байланышты жакшыртуу жолдору талкууланат

Бүгүн Бишкектеги Коомдук саясат институтунда Кыргызстандагы улуттар арасында алака-катышты жакшыртууга багытталган талкуу өтөт. Анда Социалдык биригүү борборунун адистери, Кыргызстан эл ассамблеясынын өкүлдөрү жана бейөкмөт уюмдардын адистери катышат. Талкууда улуттар ортосундагы байланышты бекемдөө боюнча сунуштар иштелип чыкмакчы. (KKs)