Азербайжан Евро-2020га расмий талапкер болду

Европанын футбол боюнча чемпионаты 2020-жылы Азербайжан жана Грузияда өтүп калышы ыктымал. Эки өлкөнүн мындай өтүнүчүн Азербайжандын футбол федерациясынын башкы катчысы Элхан Мамедов Будапеште өтүп жаткан ФИДЭнин жыйынына расмий түрдө тапшырды.

Европанын 2020-жылкы футбол чемпионатын чогуу өткөрүү идеясын Грузия президенти Михаил Саакашвили мартта Азербайжан парламентинде сүйлөгөндө ортого салган. Бир күн мурда Эл аралык олимпиада комитети 2020-жылкы Жайкы Олимпиада оюндарын Бакуда өткөрүү жөнүндөгү өтүнүчтү колдогон эмес болчу.