Велоспорт боюнча таймаш өтөт

Июн айынын башында Кыргызстанда “Гран при АШУУ-2012” акциясы өтөт. Анын максаты - велоспортту жана тоо туризмин эл арасына жайылтуу. Велоспортчулар Кеминден Калмак-Ашуу айылына чейинки аралыкты өтүүгө милдеттүү. Жеңүүчүлөргө белектер тапшырылат. Жарышка чыга турган жолдун узундугу 90 чакырым. Аны спортчулар эки күндө өтүшү керек. Иш-чарага сексендей киши катышмай болууда. (RK)