Башкы прокурор парламентке отчет берет

Бүгүн башкы прокурор Аида Салянова 2011-жылдын жыйынтыгы боюнча парламентке отчет берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирүүдө. Кечээ баш прокурор апрел-июн окуялары боюнча парламентте маалымат берген. Анын жүрүшүндө “Ата Журт” фракциясынын айрым депутаттары башкы прокурордун бул багытта ишин канааттандырарлык эмес деген. Бирок бул демилге жалпынын колдоосун тапкан жок. (KKs)