Кыргызстан - НАТО Ооганстан боюнча макулдашуу кабыл алды

Чикагодо өтүп жаткан НАТО саммитинин алкагында Кыргызстан менен НАТОнун ортосунда макулдашуу кабыл алынды. Анда Ооганстан боюнча коопсуздук операциясына жүктү Кыргызстан аркылуу темир жана унаа жол менен алып өтүү каралган. Макулдашууга кыргыз тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана НАТОнун баш катчы орун басары Александр Вершбоу кол койду. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ооганстандагы НАТО операциясына жүк жана аскерлерди жеткирүү үчүн учурда "Манас" аэропортундагы Транзит жүк ташуу борбору пайдаланылууда. Ал боюнча кыргыз жана АКШ өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимдин мөөнөтү 2014-жылы аяктайт. (RK)