АКШ Баткенге маңзат көзөмөл пост ачты

Баткендин Лейлек районундагы Арка айылында кечээ 22-майда "Арка" маңзат көзөмөлдөө посту ачылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Баткен облустук администрациясынан кабарлашты. Постту ачууга акчаны АКШ өкмөтү бөлүп берди. Анын ичи заманбап техника менен жабдылды. 2007-жылы АКШ Кыргызстанда маңзаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы иш үчүн 9 миллион доллар бөлгөн. (RK)