Ысык-Көлдө эл аралык марафон өтөт

26-майда Ысык-Көлдүн Булан-Сөгөттү айылында биринчи жолу Кыргызстандын эл аралык марафону өткөрүлөт. Бул тууралуу марафондун уюштуруучусу “Жапон-Кыргыз биримдиги” жаштар коомдук корунан “Азаттыкка” кабарлашты. Марафонго дүйнөнүн 13 өлкөсүнөн миңден ашык жөө күлүк катышканы жатат. Иш-чара Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы дипломатиялык мамиленин 20 жылдыгына арналып, Кыргызстанга туристтерди тартууну көздөйт. (KKs)