Ош, Баткен төрөтканаларына ымыркайлар үчүн жабдуу коюлду

Ош жана Баткен облустук төрөтканаларына жаңы CPAP аппараттары коюлду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Жаңы жабдуу абалы начар, ай-күнүнө жетпей туулган ымыркайлардын дем алуусун жакшыртууга жардам берет. Аппараттарды Кыргызстанга ЮНИСЕФ уюму 150 миң долларга сатып берди. (RK)