Тегеранда маң аткезчиси деп айыпталган 14 адам дүйшөмбү күнү дарга асылды. Ирандын прокуратурасы жогорку жазага тартылгандардын инициалдарын гана маалымдады. Лондондо жайгашкан Эл аралык мунапыс уюмунун мартта билдиришинче, 2011-жылы Иранда 360 адам өлүм жазасына тартылган. Алардын төрттөн үчү маң заттарына байланыштуу кылмыш жасагандар. 2010-жылы Иранда 252 адам жогорку жазага тартылган. Ирандын мыйзамы боюнча, адам өлтүргөндөр, аял зордуктагандар, куралчан талап-тоноочулук кылгандар жана беш килодон көп маңзаты менен кармалгандар өлүм жазасына тартылат. Өлүм жазасы Иранга катар Кытай, Сауд Арабия жана АКШда көп колдонулат.