Сузакта катуу шамалдан үйлөр жабыркады

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 19-майда катуу шамалдын айынан бир нече үй жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Ырыс айылында шамал он чакты үйдүн чатырын учуруп кетти. Ал эми Кара-Дарыя айылында катуу шамалдан кийин башталган нөшөр жаандын айынан 15 үйдүн короосуна суу кирип кеткен. (RK)