АКШнын президенти Барак Обама “Чоң сегиздин саммитин” ачык деп жарыялады

Дүйнөдөгү эң өнүккөн индустриалдык сегиз мамлекеттин лидерлеринин жыйыны ушул күндөрү Вашингтондун четинде президенттин Кэм-Дэвид резиденциясында өтүп жатат. Кечээ кечинде лидерлер негизинен эл аралык коопсуздукту, Сириядагы кырдаалды, Ирандын ядролук программасын талкуулашмак. Бүгүн болсо алар негизинен Европадагы карыз кризиси боюнча сүйлөшөт. Саммиттин катышуучулары көптөгөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү да өткөрүшөөрү айтылган.