Нарында энелерге арналган кече өттү

Энелер күнүнө карата Нарын шаарында салтанаттуу кече өттү. Шаар жетекчилиги куттуктоо сөзүн айтып, Жумамүдүн Шералиев атындагы искусство мектебинин өнөрпоздору концерт тартуулашты. 23-майга чейин мектептерде ачык сабактар өтүп, бала бакча, китепканаларда Энелер бурчтары уюштурулууда. Ал эми 20-май күнү жергиликтүү бийлик Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүндө жаткан энелерге гүл тапшырат. Президенттин жарлыгына ылайык, быйылтан тарта май айынын үчүнчү жекшембиси Кыргызстанда Энелер күнү деп белгиленет. (ThS/RK)