Таласта экологиялык топ түзүлдү

Таласта “Талас-ЭКО” демилгелүү тобу түзүлдү. Мындай чечим бүгүн Талас шаарында өткөн экология маселелерине арналган жыйында кабыл алынганын кабарчыбыз маалымдайт. Бул уюм облуста айлана-чөйрөнүн тазалыгын, бүтүндүгүн сактоо, жаратылыш байлыктарына байланыштуу ар кандай чыр-чатактарды алдын алуу, эл менен бийликтин байланышына көңүл буруп, кен иштеткен компанияларга мониторинг жасоо үчүн түзүлгөнүн “Азаттыкка” “Элназ” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Гүлнара Избасарова билдирди. Анын айтымында “Талас-ЭКО” уюмунун курамына коомдук уюм, мекеме, ММК жана кен иштетүүчү компаниялардан бештен киши кирмей болду. (MbA/RK)