БУУ баш катчысы: Дамасктагы эки жардыруунун артында “ал-Каида” турат

Пан Ги Мундун айтымында, ал 10-майда автоунаачан эки жанкечти жасаган жардыруулардын артында “ал-Каида” турат деген ишенимде.

Дамаскта андагы жардыруулардан 55 киши өлүп, 370и жарадар болгон.

Баш катчы белгилегендей, “ал-Каиданын” бул аймактагы иштерге аралашуусу “өтө олуттуу көйгөй жаратты”.

Мурдараак Сириянын өкмөтү өлкөдө уруш башталгандан бери алар кармаган 26 чет элдиктин 20сы “ал-Каиданын” мүчөлөрү экендигин, алар Сирияга Түркиядан өтүп келгендигин билдиришкен.

Сирияда президент Башар Асаддын режимине каршы козголоң тутанганына бир жылдан ашып калды. (UE)