Путин президенттик cапарын Беларуска баруу менен баштады

Кремлдин маалыматына ылайык, Орусиянын президенти Владимир Путин 31-май – 1-июнда Минскке барат. Орус маалымат каражаттары Беларустан президент Орусиянын ири соода шериги Германияга, андан кийин Франция, Казакстан, Тажикстан жана Кытайга жөнөйт деп кабарлашууда.

7-майда кызматына киришкен Путин кийинки аптага пландалган АКШга сапарынан баш тарткан. Ал президент Барак Обама жана "Чоң сегиздин" калган лидерлери менен жолугушмак.

Расмий Москва "Путин жаңы өкмөт куруу менен алек болуп, колу бошобойт" деп түшүндүргөн. АКШ жана Оусия жетекчилери эми июнда "Чоң жыйырманын" саммитинде кездешет деп күтүлүүдө.