Жалал-Абад – Кызыл-Суу унаа жолу үч күндөн бери жабык турат

Жалал-Абад – Кызыл-Суу унаа жолу үч күндөн бери жабык турат. Эки күн мурда көлөмү 3000 м³ шагыл таш көчүп жолду толук жаап калган. 114 түтүн байланышсыз калды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, күчтүү техника жоктугунан тазалоо иштери бүтпөй турат. Жолдун узундугу 125 чакырым келет. Шагыл таш 50-60 чакырымына түшкөнү кабарланган болчу. (YA/RK)