Обама апрелде шайлоо өнөктүгүнө мурдагыдан аз акча жыйнады

Соңку маалыматка караганда, ал апрель айы ичинде өз шайлоо өнөктүгү үчүн 43,6 миллион доллар жыйнаган. Бул - 53 миллион доллар жыйналган март айындагыдан аз көрсөткүч. Өткөн айда Обаманын шайлоо коруна 400 миңден ашуун киши, анын ичинде 169 миң жаңы донор салым кошкон.

Март айынын аягында Обаманын жана анын Демократиялык партиясынын шайлоо корунда 124 миллион доллар турса, Республикалык партия менен бул партиянын Обамага атаандаш болуучу талапкери Митти Ромнинин шайлоо корунда 43 миллион доллар жыйналган.

АКШнын кезектеги президентик шайлоосу ноябрь айында болот. (UE)