Путин Кыргызстанга чакыруу алды

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Орусия президенти Владимир Путинди Кыргызстанга расмий сапарга чакырды. Чакыруу ыраазылык менен кабыл алынганын президенттин маалымат кызматы билдирүүдө. 15-майда Москвада КМШ жана ЖККУ жыйындарына катышкан Алмазбек Атамбаев Орусия президенти менен да өзүнчө жолугуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулаган. Атамбаев Путинди президенттик кызматка келиши менен куттуктады.

Владимир Путин 4-марттагы президенттик шайлоонун жеңүүчүсү аталган. Бирок анын жеңиши мыйзамсыз экенин айтып Орусияда оппозициянын нааразылык акциялары өтүүдө. Путин буга чейин да, 2000-2008-жылдары Орусияны башкарган. (RK)