Индонезияда кыйраган орус учагынын кара кутусу табылды

Кыйраган учактын абага көтөрүлгөн учуру. 9-май, 2012-жыл.

Индонезиянын куткаруу жана издөө агенттигинин өкүлүнүн билдиргенине караганда, кара кутуну аскерлер учак кыйраган капчыгайдын түбүнөн, анын сыныктарынын жанынан табышкан.

Орусиялык өндүрүштөгү Sukhoi Superjet-100 учагы 9-майда кыйрап, ичиндеги 45 адам мерт болгон эле. Учак Индонезияга көргөзмө жана сынамак учууга барган.

Sukhoi Superjet-100 Орусиянын СССР чачырагандан кийин өндүрүшкө киргизген алгачкы жүргүнчү учагы. (UE)