Жалал-Абад: Премьер сел алган аймактарды кыдырат

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов эки күндүк иш сапар менен Жалал-Абадда жана Ошто болот. Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Султан Каназаровдун билдиришинче, бүгүн Бабанов алгач Жалал-Абадга барып селдин кесепетин жоюу иштери менен таанышат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиргенине караганда, 1-апрелден 15-майга чейин нөшөрлөп жааган жаандан улам Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 121 үй керектин чыкты. Дагы жүздөн ашуун турак-жай толук оңдоого муктаж. (EBM)