Ташкенде министрдин өлүмү тергелүүдө

Өзбекстандык тергөөчүлөр мурдакы маданият министри Анвар Жабборовдун өлүмүн иликтешүүдө. Маалым болгонго караганда, 55 жаштагы Жабборовду 8-майда белгисиз бирөөлөр Ташкендеги “Өзбекмузей” башкармалыгындагы кеңсесинен уурдап кетишкен. Анын кыйнап өлтүрүлгөн денеси 13-майда Ташкенде табылган. Маркумдун туугандарынын айтышынча, Жабборовду өлтүрүүгө тиешеси бар деп шектелгендердин бирөөсү кармалган. Бирок бул кабарды ырасмий булактар тастыкташа элек.

Анвар Жабборов “Өзбекмузей” башкармалыгын жетектегенче чейин, 2009-2011-жылдары Маданият жана спорт министри болгон.