Жалал-Абаддан Кызыл-Сууга кеткен жол жабылып калды

Тынбай жааган жамгырдан шагыл таш түшүп, Жалал-Абад - Кызыл-Суу унаа жолунун 50-60-чакырымы ушу тапта жабык турат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди. 14-майда түнүчүндө көлөмү 3000 м³ шагыл таш көчүп жолду толук жаап калган. 114 түтүн байланышсыз калды. Куткаруучулар менен жергиликтүү эл жолду тазалап жатышат. (RK)