Казакстан менен Беларус тил табышты

Нурсултан Назарбаев жана Александр Лукашенко. 14-май, 2012-жыл, Минск.

Бул тууралуу эки өлкө президенттеринин Минсктеги кечээги жолугушуусунун соңунан таратылган билдирүүдө айтылат.

Анда белгиленгендей, Казакстан менен Беларус эл аралык жана экономикалык биримдиктин маселелери боюнча “көз караштардын окшоштугуна” жетишти.

Өткөн айда эле беларус президенти Александр Лукашенко казак президенти Нурсултан Назарбаевди Евразия экономикалык биримдигинин алга жылышына тоскоолдук кылып жатканы үчүн айыптаган.

Буга чейин жарыялангандай, Евразия экономикалык биримдиги учурда Орусия, Казакстан, Беларус мүчө Бажы биримдигинин базасында 2015-жылы түзүлүүсү керек.

Казакстан менен Беларустун биргелешкен билдирүүсүндө Астана Минсктин ал азыр төрагалык кылып жаткан Ислам конференциясы уюмунда байкоочу маккамына ээ болушун колдоору да белгиленет. (UE)