Бабанов: ИИМди реформалоо башталат

Бул тууралуу премьер-министр Өмүрбек Бабанов 14-майда өкмөт жыйынында билдирди. Анын айтымында, реформалоо жараяны ушул кварталда башталат. Өкмөт башчы 22-майда ИИМден маалымат алат, андан кийин реформалоо боюнча өкмөттүн планы жарыяланат жана кескин чаралар көрүлөт.

Кыргызстанда жарандык коом тартип коргоо органдарын тезирээк реформалоо керектигин билдирип, альтернативдүү концепция сунуштап жатат. (EBM)