«Сары-Өзөн - Антитеррор 2012» машыгуусу өттү

Чүйдүн Молдовановка айылында "Сары-Өзөн - Антитеррор 2012" машыгуусу өттү. Бул тууралуу анын уюштуруучусу - Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты. "Молдовановкадагы абактардын бирине террорчу кирип кетти" делген шарттуу план боюнча машыгууга күч түзүмдөрүнүн, абак жетекчилигинин, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана медицина кызматкерлери катышты. (RK)